Атамбаев экс-мэр Кулматовду кабыл алып, ишине оң баа берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев жана шаардын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев жана шаардын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кулматов кызматтан кетүү боюнча шейшемби күнү арыз жазган. Учурда мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткарууда.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектин тургундары мэрияга көбүрөөк ишене башташты. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев шаардын мурунку башчысы Кубанычбек Кулматовду кабыл алуу учурунда билдирди.

Эскерте кетсек, шейшемби күнү Кулматов өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Учурда мэрдин милдетин Айгүл Рыскулова аткарып жатат.

Президент өз сөзүндө акыркы эки жыл ичинде шаар чарбасындагы өзгөрүүлөрдү белгиледи.

"Сиз абийирдүү иштедиңиз. Эл арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо мэрияга болгон ишеним арта баштаганын ачык көрсөтүүдө", — деди Атамбаев.

Муну менен бирге өлкө башчы көйгөйлүү маселелерди жигердүү түшүндүрүү иштери менен коштоо иш-аракети жетишсиз болгонун кошумчалады.

Атамбаев экс-мэрдин ишине ийгилик каалап, системалуу реформалар кийинки жетекчилик да улантып кетерине ишеним артты.

Жаңылыктар түрмөгү
0