Искусство ишмерлерин сагынткан Садырбаев. Тартылбай калган тасмалар

© из семейного архива Дооронбека СадырбаеваНародный артист КР Дооронбек Садырбаев
Народный артист КР Дооронбек Садырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, жазуучу, кинорежиссер, Кыргыз Эл Баатыры, КРдин Эл артисти Дооронбек Садырбаев көзү тирүү болгондо 77 жашка чыкмак.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Бул датага карата Дооронбек Садырбаев менен мамлекеттик, коомдук иштерде жана чыгармачылыкта үзөңгүлөш жүргөн замандаштарын кепке тартып, эскердик.

Садырбаев (замандаштары урмат менен Доке деп кайрылыша турган) күйөрмандарынын, аны урматтагандардын элесинде ар тараптуу — режиссер, акын, коомдук ишмер, саясатчы катары калды.

Доке ошол кездеги УКМКны кантип жарга такаган 

Насирдин Исанов үй-бүлөөсү менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мария Исанова: атамдын өлүмү боюнча адилеттикти неберлери таап чыгаттыр
Коомдук жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ишенбай Кадырбеков Дооронбек Садырбаевдин 2004-жылдары Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматын кантип жарга такагандыгын айтып берди. 

Кадырбеков окуя ал кездеги Мыйзам чыгаруу палатасында оппозицияда жүргөн ар депутаттарга каймана ат коюлуп, тыңшалгандыгы ачыкка чыгып кеткен учурда болгондугун айтты. Бул боюнча кезегинде атайын комиссия түзүлүп, ага жагдайды иликтеп чыгуу иши тапшырылган. 

"Бир топ адамдарга анын ичинен мага "градостроитель", Дооронбек Садырбаевге "артист" деген каймана ат коюлгандыгы белгилүү болду. Маселени карап жатканда Докем трибунага чыгып, "кайсы бетиңер менен мени артист деп атадыңар" деди буркан-шаркан түшө УКМКнын жетекчиси отурган жакты карап. Залда жымжырттык. "Мен артист эмесмин, Эл артистимин, оңдоп койгула" деди. Олуттуу деп карап жаткан маселебиз унутта калып, залда каткырыктар жаңырды", — деп эскерди Кадырбеков.

Чыгармачылыгы жакын тааныштары бул инсандын сөз баркын, сөз кадырын баалай билгендигин айтып келишет. Ал эми кесиптеши Кадырбеков анын палатада куюлуштура, макалдата сүйлөп же көөнө сөздү колдонгондо башкалар эмес, катарлаша отурган депутаттар да түшүнбөй калган учурлар болгондугуна токтолду.

"Мыйзам чыгаруу палатасында сүйлөгөндө Докени түшүнүү кыйын болчу. Себеби, айткан сөздөрүндө эки түшүнүк, элге насаат айта турган, философиялык ойлор да камтылып турар эле. Анан кыргыздын сейрек, көөнө сөздөрдү көп колдончу",— дейт Кадырбеков.

Сейдакматова: искусство журтундагылар сагынган бойдон кала бердик

Кино дүйнөсүнөн чоң саясатка кеткен Садырбаевди искусство ишмерлери кайтып келишин самап, сагынып, үмүттөнүп жүрүп, бирок, кайтарып келе алышпаптыр. Бул туурасында режиссердун кинотасмаларына тартылып жүргөн Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген жана Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова айтып берди. 

"Дооронбек менен иштешкен өзүнчө эле ырахат болчу. Башкасын эмес, бир эле "Махабат дастанын" тарткан учурларды азыр көбүбүз тамшануу менен эстейбиз. Албетте, ар бир иштин ой-чуңкуру болот, бирок, бир сонун учур эле. Мен ошол тасмада Дооронбекти адам тагдырына кайдыгер карабаган, кайрымдуу жана боорукер адам катары да тааныдым", — деди Сейдакматова.

Садырбаев чоң саясатка кетиши менен пландалган, жакшы тасмалар тартылбай калыптыр. Искусство өкүлдөрү ага барып, сүйлөшүп, бирок, анысы майнапсыз болгон экен. 

"Митингдер катар, катары менен болуп жаткан. Бир ирет барып, сүйлөштүк. Маңкурт жөнүндө, Найман эне туурасында кино тартам деп жүргөн. Бирок, ал  саясатка баш-оту менен кирип кеткендигин, кино айдыңга кайра кайтпай тургандыгын айтты. Ошентип, жакшы кинолор тартылбай калды",  — деди актриса.

Садырбаевдин "Махабат дастаны", "Акбаранын көз жашы" тасмасы тамшанып көргөн картиналардан. Андан сырткары чакан аңгемелери менен ырлары өзүнүн аудиториясын эбак тапкан. Ал эми көп суроону жараткан "Кайран эл" документалдык тасмасы болгону эки күн гана көрсөтүлүп, ошол боюнча экранга чыккан жок…

Доор адамы Дооронбек Садырбаевдин сүрөттө калган элестерин Sputnik фотолентасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0