Баткен облусу унаа көз карандысыздыгына ээ болду

© Медербек НиязалиевБаткен облусу. Архив
Баткен облусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу мамлекеттердин аймагын айланып өтүүчү акыркы жол өткөн жылдын соңу менен аягына чыккан.

БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Баткен облусунда коңшу мамлекеттерден болгон көз карандылык жоюлду. Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министринин орун басары Улан Уезбав билдирди.

Буга чейин жол чет мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүп, мындай кырдаал бир топ кыйынчылыктарды жаратып келген.

"Анклавдарды айланып өтүүчү жолдор салынган. Былтыркы жылдын аягында Көк-Таш — Ак-Сай — Рават трассасы салынып бүттү. Муну менен Баткен облусу унаа көз карандысыздыгына ээ болду", — деди Уезбаев.

Анын айтымында, учурда курулуштун акыркы иштери жүрүп, бетон тосмолору орнотулууда.

Көк-Таш — Ак-Сай — Рават айлампа трассасы Ош — Баткен — Исфана стратегиялык жолу Тажикстандын аймагы аркылуу өткөндүктөн салына баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0