Таластыктар кара өрүк тигүүгө кызыга баштады

© Фото / Марат СайранбаевӨрүк дарагы. Архив
Өрүк дарагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкерлер кургатылган жемиштердин бир килограммын 100 сомго чейинки баада алуу ниетин билдиришкен. Бирок, тилекке каршы жемиштер алар талап кылган көлөмдө жок болуп жатат.

БИШКЕК, 14-фев. – Sputnik. Таластык дыйкандар кара өрүктүн аянтын кеңейтүүгө кызыгып жатышат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Агрардык платформа" коомдук бирикмесинин жетекчиси Бермет Турсалиева билдирди.

"Таластыктар кара өрүктүн аянтын кеңейтүүгө кызыга баштады. Себеби, казакстандыктар өздөрү келип 30 сомдон алууга даяр. Ал эми кургатылган кара өрүктүн баасы 100 сомго чейин жетет", – деп билдирет Турсалиева. 

Анын айтымында Аксыдагы кара өрүк менен алектенген дыйкандар таластык дыйкандар менен тажрыйба бөлүшүүгө даяр. 

"Кургатылган жемиштер талапка ылайык көлөмдө жок болуп жатат. Буга ылайык, аймактардагы дыйкандар бири-бирине жардам берип, жетиштүү көлөмдө жемиш өндүрүүгө аракет жасап жатышат", – деп кошумчалады ал.

Анын айтымында, ишкерлер кургатылган жемиштерди 100 сомго чейинки баада алуу ниетин билдиришкен. Бирок, тилекке каршы жемиштер алар талап кылган көлөмдө жок болуп жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0