Атамбаев Москвадагы аялды өлүмдөн сактап калган Марат Исаевге саат белек кылды

© из семейного архива Марата ИсаеваМосквадагы метродо аялды сактап калган Марат Исаев кыздары менен. Архив
Москвадагы метродо аялды сактап калган Марат Исаев кыздары менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдараак Исаев иштеген ишкана кызматкеринин бул эрдиги үчүн белек берген.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Москвадагы метродо аялды сактап калган Марат Исаевдин баатырдык кадамын мактоого алып саат менен сыйлаганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, президент Марат Исаевге каржы жактан жардам көрсөтүлөрүн белгиледи. 

Метро. Архив - Sputnik Кыргызстан
Москвада аялды өлүмдөн алып калган кыргыз жигиттин үй-бүлөсү Ошто турат
Президент белгилегендей мекендешибиз жигиттик мүнөзгө таандык мыкты эрдик көрсөттү. 

Мурдараак Исаев иштеген ишкана кызматкеринин бул эрдиги үчүн белек берген. 

Бейшемби күнү Москванын "Красносельская" метросунун станциясында талмасы кармаган Юлия Валь аттуу аял темир жолго кулап кеткен. Полиция кызматкери Артем Королюк менен бирге жабырлануучуну алып чыгууга кыргызстандык Марат Исаев да жардам берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0