45 күн мурда жоголгон Айганыш Самарада жүрөт деген маалыматтар жалган болуп чыккан

© Генеральное консульство КР в ЕкатеринбургеЕкатеринбургда жоголгон 14 жаштагы Айганыш Канат кызы. Архив
Екатеринбургда жоголгон 14 жаштагы Айганыш Канат кызы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Екатеринбургда жоголгон 14 жаштагы Айганыш Канат кызын издөө иштери уланып жатат.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Мындан 45 күн мурда Россиянын Екатеринбург шаарында үйүнөн дүкөнгө чыгып, жоголуп кеткен Айганыш Канат кызы али табыла элек, издөө иштери улантылууда. Бул туурасында КРдин Екатеринбургдагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Мындан бир нече күн мурда Самара шаарына бир эркек жана аял киши менен кетиптир деген маалыматтар түшкөн, аны тактай келсек, жалган болуп чыгып жатат. РФтин Тергөө комитетинин Свердлов облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Валерий Задорин менен жолугуп, бул маселе боюнча сүйлөшсөм, кыз тирүү деген маалымат берди. Учурда издөө иштери улантылууда", — деди башкы консул Кожобаев.

2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес. Өспүрүмдү энеси Ош облусунун Мырзаке айылынан тааныштарынын үйүнө бала багуу үчүн жиберген.

Жаңылыктар түрмөгү
0