Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Instagram социалдык түйүнүндө өздүк баракчасы.

Алмазбек Атамбаевдин Instagram социалдык тармагында өздүк баракчасы ачылды

301
(жаңыланган 22:13 17.02.2016)
Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү мамлекет башчынын өздүк баракчасынын ачылгандыгын тастыктады. Бир күндүн ичинде баракчага 500 адам жазылды.

БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаевдин Instagram социалдык түйүнүндө өздүк баракчасы ачылды. Интернет колдонуучулар баракчанын скриншоту менен бөлүшө башташты. 

Премьер-министр Темир Сариев. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналистине мамлекет башчынын almazbek_atambaev_official аттуу баракчасы Instagram түйүнүндө ачылганын тастыкташты. 

Маалымат кызматынан билдиришкендей баракча маалыматтык саясат бөлүмүндөгү кызматкерлер тарабынан көзөмөлдөнөт. 

Президенттин баракчасына бир күндүн ичинде 500 адам жазылды. 

Мындан сырткары президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн Twitter, Facebook тармактарында баракчалары жана Youtube-каналы бар. Ал жакта мамлекет башчынын ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар байма-бай жарыяланып турат. 

301
Белгилер:
баракчалар, социалдык тармак, президент
Тема боюнча
Президент өкмөткө камсыздандыруу төлөмдөрүндөгү тарифтерди карап чыгууну тапшырды