Элик аткан браконьерге 18 миң сом айып салынып, жандыктын эти балдар үйүнө берилди

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЭлик. Архив
Элик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Браконьер 30 жаш чамасындагы токтогулдук жаран экени тастыкталды.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Токтогул районундагы Орток жайлоосунан бир баш эликти аткан браконьер кармалды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Каракөл, Ташкөмүр шаарлары жана Токтогул району боюнча Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын начальниги Бекмат Жоомартов билдирди. 

"Браконьер 30 жаш чамасындагы токтогулдук жаран экени тастыкталды. Ага "Административдик жоопкерчилик жөнүндө" кодексинин 149-беренеси боюнча үч миң сом айып салынды", — дейт инспециянын жетекчиси. 

Милиция кызматкеринин баш кийими. Архив - Sputnik Кыргызстан
Милиция илбирсти өлтүргөн мергенчини камактан чыгарды
Мындан сырткары айыпкер жаныбарлар дүйнөсүнө зыян келтиргени үчүн кошумча 15 миң сом каражат төлөп берген. 

Ал эми эликтин эти балдар үйлөрүнө таркатылып берилгенин Жоомартов кошумчалады. 

Белгилей кетсек, Каракөл шаары боюнча өткөн жылы браконьерлер тарабынан бир элик менен кийик атылган. Ал эми быйылкы жылдын январь айынан тарта браконьердик биринчи жолу катталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0