Мискенбаев парламенттеги бош калган унааларды маданият өкүлдөрүнө берүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековМискенбаев парламенттеги бош калган унааларды маданият өкүлдөрүнө берүүнү сунуштады
Мискенбаев парламенттеги бош калган унааларды маданият өкүлдөрүнө берүүнү сунуштады - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттын айтымында мамлекет маданият өкүлдөрүнө жетишээрлик көңүл бөлбөй келет. Андыктан бул кадам аларга жардам болмок деген пикирде.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мисканбаев депутаттар баш тарткан унааларды маданият өкүлдөрүнө берүү сунушун Жогорку Кеңештин бүгүнкү отурумунда билдирди.

Анын айтымында мамлекет маданият өкүлдөрүнө жетишээрлик көңүл бөлбөй келет. Андыктан бул кадам аларга жардам болмок.

"Президенттин маданият өкүлдөрүнө көңүл бөлүп жатканы жакшы көрүнүш. Алтынчы чакырылыштын депутаттары кызматтык унаадан баш тартып, тарыхый окуя жасадык", — дейт депутат.

Мискенбаев белгилегендей ал унааларды артисттер гастролго чыкканда колдонушмак.

Мурдараак Мискенбаев айрым куудулдарга карата чара көрүү демилгесин көтөргөн.

2016-жыл президент тарабынан тарых жана маданият жылы деп белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0