Ысык-Көлдө кулчулукта жүрүп Нарынга качып келген баланын жакындары изделүүдө

© flickr.com / Rose Ann RueterНарын шаары. Архив
Нарын шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын шаарында атайын рейд учурунда 21-22 жаштагы Урмат аттуу бала кармалган. Ал бир канча жылдан бери Ысык-Көл облусундагы жайлоолордун биринде мал багып кулчулукта жүргөнүн милиция баланын айтуусуна таянып билдирди.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Атайын рейд учурунда Нарын шаарында Ысык-Көл облусунан кулчулуктан качып келген 21-22 жаштагы Урмат аттуу бала кармалганын Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Сыдыкбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 15-16-февралда өткөрүлгөн "Селсаяк" рейди учурунда автобекеттен 22 жаштар чамасындагы бала кармалган.

"Баланы автобекетте жүргөн жеринен кармадык. Анын жанында ким экенин аныктай турчу документтер жок экен. Өзүнүн айтуусу боюнча Ысык-Көл облусундагы жайлоодо көп жылдан бери мал багып жүргөн. Жайлоодон качып Нарын шаарына келгенине бир күн болуптур. Андан ары Бишкекке кетүүнү пландаган", — дейт ал.

Сыдыкбеков ошондой эле, жайлоодон качып келген Урматты малчылар жолдон курсагын тойгузуп, Нарынга кеткен машинага салып жиберишкенин кошумчалады. 

Кулпу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 5 ай бою мал багып кулчулукта жүргөн үй-бүлө куткарылды
Баланын милицияга берген көрсөтмөсү боюнча ал 5-класстан бери Ысык-Көл облусундагы жайлоодо бир малчынын малын багып жүргөн. Бир нече жолу качууга аракет кылган. Бирок, үй ээси кармап алып, атка сүйрөтүп, бычак менен сайгылап сабаган.

Учурда бала Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Аталган райондун ИИБ башчысы Айтбек Шаменов баланын туугандары жана окуянын чоо-жайы иликтенип жатканын Sputnik Кыргызстанга билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0