Тоо лыжа базаларынын биринде эс алып жаткан адамдар. Архив

Тоо лыжа базаларынын биринде бүгүн VII туристтик фестиваль өткөрүлөт

11
Фестивалдан түшкөн каражат аутизм менен ооруган балдарга жумшалат.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Тоо лыжа базаларынын биринде бүгүн жетинчи туристтик фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

"Бүгүн "Кыргызстан тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү" аталышындагы VII туристтик фестиваль өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта. 

Андан түшкөн каражат аутизм менен ооруган балдарга жумшалат. 

Мындан сырткары фестиваль аркылуу Кыргызстандагы спорттун кышкы түрлөрүн даңазалоого шарт түзүлөөрү маалыматта белгиленген. 

Уюштуруучулардын катарына Туризм департаменти, өкмөттүн алдындагы бизнес менен инвестицияны өнүктүрүү кеңеши жана бир катар мекемелер кирген.

Тоо-лыжа базаларында эс алуунун баалары, алардын жайгашкан бийиктиги, трассалардын узундугу жана татаалдыгы жөнүндө Sputnik инфографикасынан биле аласыздар>> 

11
Белгилер:
тоо-лыжа база, тоо, фестиваль
Тема боюнча
Тестиер балдар-кыздар лыжа тээп, кардан киши жасашты
Кыргызстандын түштүгүндө биринчи жолу тоо лыжа борбору ачылды
Пикирлер