Милиция кызматкерлери рейд учурунда. Архив

Милиция баланы кулчулукта кармаган деген малчыны текшерүү үчүн Тоңдогу жайлоого кетти

86
(жаңыланган 12:45 20.02.2016)
15-февралда Нарын шаарынан атайын рейд учурунда Урмат аттуу бала кармалган. Ал Ысык-Көлдүн жайлоолорунун биринде кулчулукта жүргөнүн айтып, качып келгенин билдирген.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам тобу Арчалы жайлоосунда кулчулукта жүргөн делген 22 жаштагы бала боюнча фактыны жеринде аныктайт. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-февралда РИИБдин жетекчиси башында турган ыкчам топ окуянын чоо-жайын жеринде аныктоо үчүн жайлоого кетишкен.

15-февралда Нарын шаарынан атайын рейд учурунда Урмат аттуу бала кармалган. Ал Ысык-Көлдүн жайлоолорунун биринде кулчулукта жүргөнүн айтып, качып келгенин билдирген.

86
Белгилер:
Ички иштер министрлиги, Нарын, Тоң, Ысык-Көл
Тема боюнча
Ысык-Көлдө кулчулукта жүрүп Нарынга качып келген баланын жакындары изделүүдө
Балыкчыда башына ок тийген жоокер бүгүн каза болду
Пикирлер