Президент Атамбаев журналист Акимовго кол салуу боюнча тергөөнү өз көзөмөлүнө алды

© Пресс-служба президента КРПрезидент Алмазбек Атамбаев. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ички иштер министри Мелис Турганбаевге кылмышкерлерди аныктап, жоопкерчиликке тартуу тапшырмасы берилди.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев журналист Турат Акимовго кол салууну тергөөнү өзү көзөмөлгө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Мамлекет башчысы ички иштер министри Мелис Турганбаевге журналистке кол салган арам ойлууларды издөө боюнча ыкчам чараларды көрүүнү, тыкыс тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууну тапшырды.

Журналист Турат Акимовду түндө белгисиз адамдар темир союл менен башка чаап кетишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0