Москванын мэри Сергей Собянин адам өмүрүн сактап калган Марат Исаевге ыраазычылык катын тапшыруу учурунда

Москванын мэри аялды сактап калган Исаев менен Королюкка ыраазычылык катын тапшырды

328
(жаңыланган 19:44 20.02.2016)
Москванын мэри Сергей Собянин Марат Исаев менен полициянын сержанты Артем Королюкка терең ыраазычылыгын билдирди.

БИШКЕК, 20-фев. – Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин адам өмүрүн сактап калган Марат Исаев менен полициянын сержанты Артем Королюкка бүгүн ыраазычылык катын тапшырды. 

  • Москванын мэри Сергей Собянин адам өмүрүн сактап калган Марат Исаев менен полициянын сержанты Артем Королюкка бүгүн ыраазычылык катын тапшырды
    Москванын мэри Сергей Собянин адам өмүрүн сактап калган Марат Исаев менен полициянын сержанты Артем Королюкка бүгүн ыраазычылык катын тапшырды
    © Sputnik / Виталий Белоусов
  • Кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, рельске кулап түшкөн аялды куткарышкан
    Кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, рельске кулап түшкөн аялды куткарышкан
    © Sputnik / Виталий Белоусов
  • Ошондой эле мэр чогулгандардын бардыгын келе жаткан Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.
    Ошондой эле мэр чогулгандардын бардыгын келе жаткан Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.
    © Sputnik / Виталий Белоусов
1 / 3
© Sputnik / Виталий Белоусов
Москванын мэри Сергей Собянин адам өмүрүн сактап калган Марат Исаев менен полициянын сержанты Артем Королюкка бүгүн ыраазычылык катын тапшырды

2016-жылы 11-февралда Москвадагы "Красносельская" метросунда рельске аял эстен танып кулап түшкөн. Кыргызстандык Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, аялды куткарышкан. Алар аялды рельстин ортосуна жаткырып, өздөрү да жаткан. Кыргызстандык жаран Марат Исаев Москвадагы фирмалардын биринде курьер болуп иштейт.

"Биздин арабызда адам өмүрүн сактап калган эки адам отурат. Алар темир жолго жыгылып кеткен аялды куткарып калышты. Өз өмүрлөрүн тобокелге салган баатырлар рельстин ортосуна жата калып өздөрүн да, аялды да ажалдан алып калышты. Сиздерге ыраазычылык билдирем", — деп Сергей Собянин Исаев менен Королюкка ыраазычылык катын тапшырды. 

Ошондой эле мэр чогулгандардын бардыгын келе жаткан Мекенди коргоо күнү менен куттуктады.

328
Белгилер:
ыраазычылык, мэр, Москва
Тема:
Кыргызстандык Марат Исаевдин Москвадагы эрдиги (17)
Тема боюнча
Москвада аялды сактаган Марат Исаевге президенттин атынан кол саат тартууланды
ӨКМ башчысы Боронов россиялык кесиптешине кыргыз жигитин сыйлоо боюнча кат жолдоду
Пикирлер