Милициянын патрулдук-пост кызматкерлери квалификацияларын жогорулатышты

Жазылуу
Милициянын патрулдук-пост кызмат бөлүмүнүн командирлерине 12 күндүк окутуулар өткөрүлдү.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин академиясында патрулдук-пост кызмат бөлүмүнүн командирлерине окутуулар өткөрүлдү. Бул тууралуу академиянын маалымат кызматы билдирди. 

Бутаны мээлеген жоокер - Sputnik Кыргызстан
"Пантеранын" көк жал азаматтары жана оозун ачып суктанган окуучулар
Окутуулар кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Ал 8-февралдан 20-февралга чейин өтүп, өлкөнүн алты облусунан 16 кызматкер катышты. 

Милициянын патрулдук-пост кызмат бөлүмүнүн кызматкерлери өздөрүнө тиешелүү аймактарды күзөткө алышат. Алар мыйзам бузуу фактыларына биринчилерден болуп реакция жасап, кылмышкерлерди кармоого бардык аракеттерин жумшаары маалыматта белгиленген. 

Жаңылыктар түрмөгү
0