УКМК кызматтык иттерге мыкты сапаттагы бир жарым тонна тамак сатып алат

Жазылуу
Буга аталган ведомство 367,5 миң сом жумшайт. Каргы жана башка керектүү буюмдарды сатып алууга каражат өзүнчө каралган.

БИШКЕК, 22-фев — Sputnik. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат үйрөтүлгөн кызматтык иттер үчүн бир жарым тонна мыкты сапаттагы атайын тамак сатып алат. Бул туурасында Мамлекеттик сатып алуулар боюнча порталда маалымат жайгаштырылган.

Атайын кызмат иттер үчүн 1, 5 тонна атайын кургак тамак сатып алат. Анын иттерге ылайыктуу болушу керектиги айтылат. Буга аталган ведомство 367,5 миң сом жумшайт. Ал эми каргы жана башка керектүү буюмдарды алууга 33 миң сом өзүнчө каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0