Турганбаев Акимовдун иши тергелип жатканда министрликтен кетпейт

© Sputnik / Табылды КадырбековИчки иштер министри Мелис Турганбаев. Архив
Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ИИМ журналистке кол салгандар учурда изделип жатканын, бул боюнча кылмыш иши козголгонун белгиледи.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Ички иштер министри Мелис Турганбаев журналист Турат Акимовго кол салуу боюнча тергөө иштеринин жүрүшү маалында кызматтан кетпей турганын ИИМ маалымат кызматынын жетекчиси Бакыт Сейитов брифингде билдирди.

Өткөн жума күнү журналист Турат Акимовго кол салуу болгон. Дүйшөмбү күнү ал жыйын өткөрүп, кол салууга ИИМ башчысынын тиешеси болушу мүмкүн экенин айткан.

"Акимовдун айтканы чындыкка дал келбегендиктен министр кызматынан кетпейт", — деди Сейитов.

Ал журналистке кол салуу боюнча Кылмыш жаза кодексинин 224-беренесинин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголгонун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0