Кулпу. Архив

Урмат аттуу баланын Тоң районунда кулчулукта жүргөнү такталган жок

89
(жаңыланган 18:35 22.02.2016)
Нарын облустук милициясы атайын рейд учурунда 22 жаштагы Урмат аттуу баланы кармашкан. Жигиттин айтымында, ал Ысык-Көл облусундагы жайлоодо 5-класстан бери кулчулукта жүргөн.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Жыйырма эки жаштагы Урмат аттуу жарандын көп жылдан бери малчынын колунда кулчулукта жүргөн деген маалымат такталбаганын ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, 15-февралда Нарын шаарында атайын рейд учурунда 22 жаштагы Урмат аттуу жаран кармалган. Милицияга ал Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Арчалы жайлоосунда кулчулукта жүргөнүн айтып, Нарынга качып келгенин билдирген. Нарын облусунун милициясы баланы Тоң райондук ИИБге өткөрүп берген.

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Тоң РИИБдин кызматкерлери окуяны жеринен иликтөө үчүн жайлоого барып, малчы менен сүйлөшкөн. Бирок, Урмат ал жерде иштегени аныкталган эмес. Ошондой эле, 22 жаштагы жаран Ысык-Көл, Нарын облусундагы бир нече малчыда көп жылдан бери жалданып иштеп келгени тастыкталган. Ал эми кулчулукта жүрүп кутулду деген маалымат ойдон чыгарылган окуя экени билинген.

Ыкчам иликтөө учурунда аныкталгандай, 22 жаштагы жарандын ата-энеси ажырашып кеткен. Андыктан балага тарбия берүүнү ата-энелердин эч кимиси өз жоопкерчилигине алган эмес.

Өлкөнүн Акыйкатчы институту дагы Урматтын чындап эле кулчулукта жүргөнүн аныктаган эмес. Документи жок жаранга юридикалык жардам берилген. Ага керектүү документтерди алып берүүгө Акыйкатчы институту жардам берери мекеменин тараткан билдирүүсүндө айтылат.

89
Белгилер:
кулчулук, Акыйкатчы институту, Ички иштер министрлиги, Нарын
Тема боюнча
Милиция баланы кулчулукта кармаган деген малчыны текшерүү үчүн Тоңдогу жайлоого кетти
Ысык-Көлдө кулчулукта жүрүп Нарынга качып келген баланын жакындары изделүүдө
Бишкектеги эл аралык Манас аэропортундагы ПЦР лабораториясы. Архив

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

10
(жаңыланган 20:08 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

10
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Вакцинадан баш тартуу COVID-19дун организмде мутацияланышын шарттайт
COVID: Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрмөй болду

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

12
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

12
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү