Учак. Архив

Учактарда ноутбук менен фотоаппараттын аккумуляторун ташууга тыюу салынат

91
Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан баштап учактарданы жүк ташуучу бөлүгүндө литий-иондук аккумуляторлорду ташууга тыюу салынат. Мындай чечим өрт коопсуздугунан улам кабыл алынууда.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. Эл аралык жарандык авиация уюму (International Civil Aviation Organization, ICAO) учактардын жүк салуучу бөлүгүндө литий-иондук аккумуляторлорду ташууга тыюу салганын Рейтер агенттигине таянуу менен РИА Новости билдирди. 

Фотоаппарат, сматрфон жана башка техникада колдонулуучу аккумуляторлорду учак бортуна алып кирүүгө салынган тыюу өрт коопсуздугунан улам киргизилүүдө. Буга чейин мындай тыюу көбүнесе саатта пайдаланылуучу литий-металл батареяларга колдонулуп келген.

Тыюу салуу чечими 2016-жылдын 1-апрелинен тарта ишке кирип, жаңы стандарттагы өрткө туруштук берүүчү нерсе иштелип чыкканга чейин күчүндө болот.

Аталган чечим ICAO курамындагы 191 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга да тиешелүү.

91
Белгилер:
ICAO, учак, өрт, аккумулятор
Тема боюнча
Түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын учактары Россияга кайрадан каттай баштады
Кикбоксчу Алексей Федосеев. Архивдик сүрөт

Италиядан кикбоксчулар Федосеев, Бегматов коло, Фозилжанов күмүш медаль алды. Сүрөт

12
Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган. Азыр үч спортчу медаль алды, анын бирөө Алексей Федосеев.

БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык кикбоксчулар Италиянын Лидо шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында бир күмүш жана эки коло медалга татыды. Бул тууралуу КРдин Кикбокс федерациясынын социалдык тармактагы баракчасы маалымат чыгарды. 

Күмүш байгени К-1 боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында Икбол Фозилжанов алды.

Ал үч беттешти катары менен камсыздап, финалга чыккан. Анда россиялык Виктор Михайловго калыстардын чечими менен утулуп, экинчи орунга татыган.

Алексей Федосеев "лоу-кик" боюнча 63,5 килограмм салмактагылар арасында ат салышкан. Ал биринчи кармашын утуп, экинчисинде жеңилип калган. Натыйжада ал коло медалга ээ болгон.

Ошондой эле дагы бир кыргызстандык спортчу Чыңгыз Бегматов үчүнчү орунга татыды.

Дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан онго чукул спортчу барган.

12
Белгилер:
Кыргызстан, Италия, Алексей Федосеев, кикбоксинг, спорт, дүйнө чемпионаты
Тема боюнча
Бишкекте Жапаровдун тапшырмасы менен балбан кыздарга спорттук зал курулат
Кыргызтелеком ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Канатбек Аскаров

Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

10
"Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Канатбек Аскаров аталган мекеме бир катар социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизгенин айтты.

"Кыргыз телеком" ААК "Телемедицина", "Коопсуз мектеп" жана "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" социалдык долбоорлорду ишке киргизип жатат. Мунун артында мамлекеттик кызматтарды санариптештирип, калк үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздайбыз. Бул тууралуу Канатбек Аскаров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Аскаров: "Кыргызтелеком" социалдык долбоорлорду тесттик режимде ишке киргизди

Анын айтымында, "Кыргызтелеком" санариптештирүүнүн алкагында коопсуз мектеп, көчө, айыл, аймак жана республика статусуна жетүүнү көздөп жатат.

"Ишкана Кыргызстанда "Телемедицина" долбоорун ишке киргизүү боюнча техникалык өнөктөш болуу демилгесин көтөрдү. Мында оорукана акысыз интернет менен камсыз болуп, видео байланыш уюштуруу үчүн зарыл болгон жабдуулар сатып алынат. Дарыгерлер видео чалуу аркылуу кеп-кеңеш берип, илдетти аныктоо, дарылоо жана алдын алуу максатында башка мекемелердеги кесиптештери менен кеңешип, изилдөө жүргүзүүгө жана баа берүүгө зарыл болгон маалыматтар менен алмаша алат. Ал эми "Коопсуз мектеп" социалдык долбоорунда мектеп интернетке туташтырылып, видео байкоо жүргүзүүчү камералар орнотулат. Мобилдик тиркеменин жардамы менен мугалимдер, мектептин администрациясы, ата-энелер балдар сабактан кийинки бош учурда кантип убакыт өткөрүп, эмне менен алек экендигин онлайн көрүшөт. Бул долбоор окуу жайларга комплекстүү кызмат көрсөтүүнү камсыздоого багытталган жана аны ишке ашырууда артыкчылык Кыргызстандын алыскы аймактардагы окуу жайларына берилет. Андан тышкары "Жеткиликтүү санариптик дүйнө" долбоорунун алкагында "Кыргызтелеком" ААК айыл өкмөтүнүн имаратында Wi-Fi роутер орнотуп, акысыз интернет менен камсыздайт. Айылдын жашоочулары сейилдөө паркында интернет-байланышын эркин пайдаланып, жакындарына интернет аркылуу чалуу, дарыгерлерге кабыл алууга онлайн катталуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Ал эми балдар коомдук статусуна карабастан, өнүгүү жана кошумча билим алуу үчүн интернет ресурстарын колдоно алышат", – деди Аскаров.

Ал аталган долбоорлор сынамык негизде Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүндө иштеп жатканын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

10
Белгилер:
Кыргызтелеком, долбоор
Тема боюнча
"Кыргызтелеком" интернетти 3,5 эсе арзан сатып ала баштады