Чек арачылар майрам күнү КР жаранына 100 баш малын кайтарып беришти

Жазылуу
Январь айынын башында Араван районундагы Кум-Бел аймагынан 300дөн ашык майда жандыкты бейтааныш жарандар Өзбекстандын аймагына айдап кирип кетишкен.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Чек арачылар январь айынын башында Өзбекстанга айдалып кеткен 300дөн ашык малдын жүзүн ээсине 23-февралда кайтарып берди. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 400 миң сомдук асыл тукум жылкыны уурдап, союп салган жаран кармалды
Белгилей кетсек, январь айынын башында белгисиз жарандар Ош облусунун Араван районундагы Кум-Бел аймагынан 332 майда жандыкты Өзбекстандын аймагына айдап кирип кетишкен.

Малдын уурадалышы боюнча билдирүү келип түшөрү менен кыргызстандык чек арачылар өзбек кесиптештери менен байланышып, аны издөө башталган. 

Ыкчам иш аракеттердин натыйжасында малдын басымдуу бөлүгү Өзбекстандын Көк-Бел аймагында экени аныкталып, 10-январда табылган 146 жандык Кыргызстанга кайтарылган.

Мал уурулугуна шектелип Кыргызстандын эки жана Өзбекстандын бир жараны кармалган. Дагы бир өзбекстандык издөөгө алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0