Бишкектин Октябрь районунун балдары үчүн муз аянтчасында майрам уюштурулду

© пресс-служба мэрии города Бишкек"Муз жарышы" аттуу иш-чарага катышуучулары. Архив
Муз жарышы аттуу иш-чарага катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдар эки саат бою акысыз коньки тээп, чер жазышты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бишкектин Октябрь районунун балдары "Муз жарышы" аттуу иш-чарага катышканын мэрия билдирди.

Кыргызстанда биринчи жолу балдарга өпкө ооруларына каршы эмдөө жасалат
Октябрь районунун администрациясы тарабынан аз камсыз үй-бүлөдөн чыккан балдар үчүн уюштурулган сынак шаардык муз аянтчасында өттү.

Иш-чарага 200гө чукул бала чакырылган, алардын арасында биринчи жолу коньки кийип жаткандары да бар экени айтылууда. 

Конкурстардын жеңүүчүлөрү баалуу байгелерге ээ болушту. Чакырылгандардын баары эки саат бою акысыз коньки тээп, чер жазышты.

Иш-чара толугу менен Октябрь райадминистрациясы тарабынан каржыланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0