Москвадагы кыргызстандыктар эми максымды сагынбайт

Жазылуу
Россиянын борбор калаасында былтыр август айынан бери кыргыздын улуттук суусундугу максым сатыла баштаган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Москва шаарында кыргыздардын улуттук суусундагы максым сатыла баштады. Бул тууралуу ишти жолго койгон Таир Табалдыев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Табалдыев Москва шаарында өнөктөштөрү менен чогуу өзүнүн компаниясын негиздеп, 2015-жылдын август айынан бери кыргыздын улуттук суусундугу болгон максымды сатып баштаган. Ал максымды чыгаруунун тарыхы 2011-жылдарга барып такаларын айтат. 

Мына сага жанылык максым Москвада чыгарып жатыптыр. Колдойлу орустарды максымга кондуролу 89268436557 болушуп класс басып койгула

Опубликовано Азаматом Советником 22 февраля 2016 г.

"2011-2012-жылдары максымды биринчи жолу чыгарып баштаганбыз. Бирок, түрдүү себептер менен ишибизди токтотууга туура келди. Бирок, 2015-жылы август айынан баштап максымды кайта чыгара баштадык", — дейт ишкер.
Табалдыев суусундукту алгач чыгара баштаганда аларды негизинен кимдер аларын аныктап алышканын айтат.

"Негизги кардарларыбыз Кыргызстандан келип бул жакта иштеп, жашап жүргөндөр болорун билгенбиз. Учурда максым кыргызстандыктар көп иштеген, жашаган жана чогулган жерлерде 60 рублден 70 рублге чейин сатылууда. Андан тышкары ири соода түйүндөрүнө да коюлган", — дейт ал.

Ошондой эле максымды чыгарууда Россияда иштеп, окуп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын жакшы көрүп ичкен суусундугу болсун деген да аруу тилек болгонун Табалдыев кошумчалады.

"Москвада ар бир улуттун өзүнө тиешелүү жакшы нерселери бар. Кыргыздардын бул жакта көзгө басар нерсеси дээрлик жок. Бул жактагы кыргызстандыктар өздөрүн жакшы сезип, жакшы көргөн нерсеси болсун деген тилек менен ушул максымды чыгарып баштадык. Биз да бул жакта кыргыздардын изин калтыргыбыз келди", — дейт ал.

Чет элдиктерди таң калтырган кыргыз тамактары
Табалдыев максымга керектелген талканды акшактылуугуна жараша атайын тапшырык менен алдыңкы ун өндүрүүчү компаниялардан алат. Андан сырткары компанияда жакында өзгөрүүлөр болорун айтып, суусундук тышына чапталчу этикетка менен бөтөлкөсүнүн формасы алмашарын айтат. Себеби, анын оозун ачууда кардарларга ыңгайлуу болуш керек. Азыркы бөтөлкөнү ачып жатканда оозунан көп ташыйт. Бул сатып алуучуларга ыңгайсыз жаратышы мүмкүн экенин ишкер кошумчалады. 

Табалдыев негиздеген компания учурда айына 30 тоннадай суусундук өндүрөт. Жакынкы аралыкта анын көлөмүн 100-150 тоннага чыгаруу пландалып жатканын ал кошумчалады.

Учурда максым Москва шаарында гана сатылууда. Кийин компания чоңоюп күчтөнгөндөн кийин кыргызстандыктар көп жашаган башка шаарларга чыгуу планда бар экенин ишкер баса белгиледи.

Жарма жана бозо — кыргыздын улуттук суусундуктары. Касиеттерин жана жасоо ыкмаларын Sputnik инфографикасында көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0