Олимпиада катышуучулар кийим формасы. Архив

Кыргызстандык спортчулар үчүн Олимпиада кийимине сынак жарыяланды

105
(жаңыланган 10:40 12.07.2016)
16-март күнү атайын комиссия тарабынын сынактын үч мыкты эмгеги тандалып, өкмөттүн алдындагы жайкы Олимпиада оюндарына спортсмендерди даярдоо комитетине сунушталат.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Өкмөткө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимпиада оюндарынын ачылышында кыргыз спортсмендери кийчү форманын дизайны үчүн сынак жарыялаганын аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

Сынак кыргызстандык дизайнерлер жана кийим тигүүчүлөр арасында өтөт. Талап боюнча формага улуттук орнаменттер түшүрүлүүсү зарыл.

"Биринчи талап сөзсүз сакталуусу керек. Кийинкиси талантына жараша болот. Түстөрү, стили боюнча чектөө жок. Башкысы катышуучу ошол эмгектин автору болуусу керек", — деп айтылат билдирүүдө.

Сынак 2016-жылдын 15-мартына чейин уланат. Каалоочулар өз эмгектерин А2 форматында жөнөтүүсү керек.

16-март күнү атайын комиссия тарабынын сынактын үч мыкты эмгеги тандалып, өкмөттүн алдындагы жайкы Олимпиада оюндарына спортсмендерди даярдоо комитетине сунушталат.

Жеңүүчү 50 миң сом сыйлык менен сыйланат.

Жайкы олимпиадалык оюндар 5-августтан 21-августка чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында өтөт. Ал жакта спорттун 28 түрү боюнча 306 медаль ойнотулат. Учурда Олимпиадага Кыргызстандан төрт спортчу — Дарья Маслова, Юлия Андреева, Мария Карабицкая (бардыгы жеңил атлетика) жана грек-рим күрөшү боюнча Арсен Эралиевдер жолдомо алышкан. 

105
Белгилер:
жайкы эс алуу, олимпиада, сынак, Кыргызстан
Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
Тема боюнча
Олимпиадада жакшы жыйынтык көрсөткөндөрдү мамлекет кантип сыйлайт?
Сариев филармония жамаатына маданият кызматкерлерин айлыгын көтөрүүнү жана автобус убада кылды
Новая ПЦР лаборатория AMSBIO начала функционировать в международном аэропорту Манас в Бишкеке. 31 мая 2021 года

"Манас" аэропортундагы ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады

1
(жаңыланган 20:06 23.06.2021)
Лаборатория июндан тарта иштей баштаган. Тест тапшыра турган жарандар аэропортко 5-6 саатка эртерээк келиши керектиги айтылды.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортундагы коронавирусту аныктоочу ПЦР-лаборатория күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматы кабарлады.

Лаборатория ачылгандан бери (1-июнь) ПЦР-тест эртең мененки саат 8:00дөн кечки 18:00гө чейин жасалып келген. Ошондой эле "COVID жок саякаттайм" программасына катышкан.

Тесттин жыйынтыгын amsbiolab.kg сайтынан табууга болот. Же болбосо "Манас" аэропортунун 1-кабатынан үч тилде кагазга чыгартып алса дагы жарайт.

"Манас" аэропортуна түштүк кореялык корпорация ПЦР-лаборатория ача турганы 21-майда белгилүү болгон. Өкмөт башчы Улукбек Марипов менен жолуккан фирманын жетекчиси COVID-19га бир күндө 14 миң адам тест тапшыра аларын билдирген.

1
Белгилер:
ПЦР-тест, корпорация, Түштүк Корея, "Манас" эл аралык аэропорту

Мүнөзү оор, ишке так Болот Шамшиев. "Ак кемедеги" таберик сүрөт

7
(жаңыланган 19:51 23.06.2021)
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган
© Sputnik / Александр Федоров

Тапанча көтөргөн СССРдин эл артисти Болот Шамшиев, анын жанында калпакчан экинчи оператор Аскар Жамгырчинов менен КРдин эл артисти, оператор Манасбек Мусаев жана оператордун ассистенти Самиджан Хусанбаевдин сүрөтү 1975-жылы Ысык-Көл облусунун Чоң-Ак-Суу капчыгайында тартылган. Ал жерде киночулар душмандардын кыргыз айылына кол салган эпизодун камерага түшүргөн.

Ал жылы сүрөттөгү инсандар Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" кинофильмин тартууга киришип, буга мамлекеттен 600 миң рубль бөлүнгөн.

Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, профессор Манасбек Мусаев ошол учурду мындайча эскерет.

"Мен көп кыргыз режиссерлору менен иштештим. Оператор катары Болот Шамшиев менен эмгектенүү мен үчүн ырахат болчу, аны менен чыгармачылыгымдын мыкты жылдары өттү. Москвадагы Бүткүл союздук кинематография институтун аяктап келип эле көркөм фильм тартууну "Ысык-Көлдүн кызгалдактарынан" баштагам. Ошондо бири-бирибизди жакшы түшүнүшүп, кийин башка тасмаларда дагы иштешип достошуп калдык. Чынын айтканда, азыр Шамшиевдей таланттуу режиссёр жок. Мүнөзү оор деп коюшчу, бирок ар бир адамдын эле өзүнө тиешелүү кулк-мүнөзү болот. Биринчиден, ал ишке так болчу. Тасма тартуу процессинде ондогон адис, артист иштейт, баарына аябай катуу талап койчу. Союз тарап кетип Болот 20 жылдай тасма тартпай жүрүп, мени жети-сегиз жыл мурун бир эмгектин үстүнөн иштөөгө чакырган. Мен кубануу менен сунушун кабыл алып, Бишкектеги жогорку окуу жайлардын бириндеги жумушуман арыз жазып чыгып кеткем. Жумушту заманбап техника менен баштаганбыз. Болоттун жакшы жагы — эпизоддор толук даяр болмоюнча ишти баштачу эмес, тасма тартууга өтө кылдат мамиле кылчу. Бир жолу Геннадий Базаров эгер мүмкүнчүлүк болуп калса, дүйнөдөгү мыкты режиссёрлордун ичинен ким менен иштешмексиң деп сурап калды. Мен ага "убагында япониялык атактуу режиссёр Акира Курасава, америкалык Джордж Кьюкордун иштегенин көрүп калгам. Далай ата мекендик режиссёрлор менен тасма тарттым, бирок Болот менен фильм жаратмак элем деп жооп бергем", — деди Мусаев.

Ал жылы режиссёр Шамшиев 34, оператор Мусаев 33, Жамгырчинов менен Хусанбаев 25 жашта болгон.

"Ак кеме" тасмасы 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Тренто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандардын айрымдары СССРдин мамлекеттик сыйлыгына татыган.

7
Белгилер:
таберик сүрөт, "Ак кеме" тасмасы, оператор, Болот Шамшиев, режиссер, Кыргызстан
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
"Уулдуу болуп" сүйүнгөн Рыскулов менен Турсунбаева. Баткендеги таберик сүрөт
Сүймөнкул Чокморов жубайы Салима Шабазова менен музейде. Таберик сүрөт
Орозбек Кутманалиев 11 уул-кызы менен. Үй-бүлөнүн таберик сүрөтү