Геология агенттиги: Токтогулда уран калдыгы табылган жок

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүРадиация калдыктары бар болгондугун билдирген белги. Архив
Радиация калдыктары бар болгондугун билдирген белги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мекеме жергиликтүү тургундардын коңгуроосунан улам архивдик материалдарды иликтеп чыкты.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Токтогул районунун Узун-Акмат аймагында уран табылбаганын жана бул боюнча жергиликтүү калктын кооптонуусуна себеп жок экенин Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттик билдирди.

Кара-Кече: миллиондогон тонна "кара алтын" кантип казылат
Эскерте кетсек, буга чейин Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Күңгөй, Ак-Тектир жана Чолпон-Ата айылдарынын жашоочулары аталган аймакта уран калдыктары көмүлгөнүн айтып тынчсыздануусун айтып чыгышкан.

Агенттик бул боюнча нааразы болгон тараптын өкүлүн тартуу менен архивдик материалдарды иликтөө жүргүзгөнүн белгилейт.

Натыйжада Токтогул районунун аймагында коргошун менен цинктин эле кени табылып, эч кандай урандын жоктугу аныкталган. 

Мындан улам Геология агенттиги жергиликтүү тургундардын өткөн кылымдын 50-60-жылдарында Чолпон-Ата айыл аймагында уран калдыгы көмүлгөн деген кооптонуусу негизсиз экенин маалымдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0