БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Акыркы эки-үч күндөн бери абанын температурасы жогорулагандыктан Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунда (121-137чи жана 198-265-чакырымдары) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Андыктан ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Жогорудагы шашылыш эскертүүнүн негизинде адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында 25-февралда ӨКМ тарабынан телефонограмма чыгарылып, тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС билдирүүлөр жөнөтүлдү.