Быйыл жогорку окуу жайга өтүш үчүн былтыркыдай балл алыш керек

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүИтоговое сочинение в российских школах
Итоговое сочинение в российских школах - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында 2207 мектеп жана 53 жогорку окуу жай бар.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Мектепти аяктаган бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайга тапшыруу үчүн эң аз дегенде 110 балл алышы керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өзүнүн Facebook баракчасына билдирди.

Белгилей кетсек, былтыр да ЖРТнын босого чеги 110 балл деп көрсөтүлгөн. 2015-жылы Жалпы республикалык тестирлөө кыргыз, орус жана өзбек тилинде болуп, 38 275 киши жогорку окуу жайга өткөн.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча өлкө аймагында 2207 мектеп жана 53 жогорку окуу жай бар.

Жалпы республикалык тестирлөө 17-майдан 21-майга чейин өтөт.

2015-жылы абитуриенттер кайсыл кесипти көп тандаганын Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0