Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы Айдар-Ата кафеси бүгүн буздурулду.

Сулайман-Тоодогу кафе этияттык менен буздурулду, дагы бир нечеси кезекте турат

194
"Айдар-Ата" кафесин сүрдүрүү чечими 2015-жылдын 8-ноябрында Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ал чечим бул жылдын 25-январында Ош облустук соту тарабынан күчүндө калтырылган.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулуп, дагы бир нече объектилердин иши сотко жөнөтүлдү. Бул туурасында аталган комплекстин директору Абдраим Тургунбаев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

Айша Камилова
Сулайман-Тоонун этегиндеги кафенин чаңын асманга сапырбай, этияттык менен бузушту

"Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди. Алардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет", — деп билдирет Тургунбаев. 

"Айдар-Ата" кафесин сүрдүрүү чечими 2015-жылдын 8-ноябрында Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган. Ал чечим бул жылдын 25-январында Ош облустук соту тарабынан күчүндө калтырылган.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын юридика бөлүмүнүн башчысы Канышай Нарынбаеванын айтымында "Айдар-Ата" кафесинин ээсине эскертүү берилген.

  • Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы Айдар-Ата кафеси бүгүн буздурулду.
    "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.
    Айша Камилова
  • Сулайман-Тоонун аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди.
    "Сулайман-Тоонун" аймагындагы мыйзамсыз объектилерди аныктоо иштери улантылып, бир нечесинин иши сотко жиберилди.
    Айша Камилова
  • Алардын катарына Ош ордо жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет.
    Алардын катарына "Ош ордо" жана газ чарбачылыгы менен алектенген объектилер кирет.
    Айша Камилова
1 / 3
Айша Камилова
"Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей-комплексинин аймагындагы "Айдар-Ата" кафеси бүгүн буздурулду.

"Айдар-Атанын ээси Казат Раимкул уулуна кафени өзү буздуруп алуусун айтып, убакыт бергенбиз. Бирок, ал талапты аткарган жок. Буга ылайык, кафени буздурууга муниципалдык башкарма кийлигишүүгө аргасыз болду", — дейт Нарынбаева. 

Анын айтымында, Сулайман-Тоонун аймагындагы "Айдар-Ата" кафесине байланыштуу чуу беш жылга созулуп, акыры быйыл сүздүрүлдү. 2013-жылга чейин кафе Мая Айдарова аттуу жаранга таандык болгон, кийин 2013-жылы ал 150 миң сомго Казат Раимкул уулуна сатылган. 

194
Белгилер:
Сулайман тоо, мыйзам, сот, кафе
Кыз парктта кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жумага карата аба ырайы

7
23-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жана тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жума күнү, 23-октябрда, көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3…+8 градус, Таласта +2…+7 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5…+10 градус, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында 0…+5 градус болору айтылды.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, борбор калаада карга айланышы ыктымал. Күндүн табы Бишкекте +6…+8 градус, Ош шаарында +13…+15 градуска чейин жетет.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

7
Белгилер:
Кыргызстан, октябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жалал-Абад облусунун аймагында кайрадан жер титиреди
Митингтен кийин ак үйдүн абалы. Архив

Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 400 млн. сом керек

104
(жаңыланган 18:34 22.10.2020)
Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен имараттын үстүңкү кабаты алоолонуп өрттөнгөн.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 400 миллион сомго жакын каражат керек. Бул тууралуу парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, 2010-жылдагы окуялардан кийин Ак үйдүн ремонтуна 380 миллион сом сарпталган, бирок андан бери баалар өсүп кетти.

Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Эске салсак, 6-октябрга караган түнү митингге чыккан эл Ак үйдү басып алган. Эртең менен эрте имараттын чыгыш тарабынан өрт чыккан.

Белгилей кетсек, ЖКнын имаратында парламент, президенттин аппараты жана президент өзү иштейт.

104
Белгилер:
оңдоо, имарат, Ак үй
Тема боюнча
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео