Бишкекти жайга карата жашылдандыруу иштери башталды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Зеленстрой" ишканасынын жумушчусу. Архив
Зеленстрой ишканасынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бак жана гүлдөрдү отургузуу Бишкекте февралдан тарта май айына чейин жүрөт.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкек мэриясына караштуу "Зеленстрой" ишканасы жай мезгилине карата борбор калааны жашылдандыруу иштерин баштаганын шаардык муниципалитет билдирди. 

Сариев кийинки жылы 2 млн. көчөт отургузууну тапшырды
Маалыматка ылайык, ишкана кызматкерлери Бишкектин борбордук көчөлөрүнө, сейил бактарына жана скверлерге 427 бак отургузулду.

Мындан тышкары ири көчөлөрдө бактарды буталып, иретке келтирилди.

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынан майга чейин 395 бак, 70 түп бадал, 108 миң 600 жашыл чөп тосмолорун тигүү пландаштырылган. Мындан тышкары, 4965 бакты бутоо жана 40 бакты алып салуу каралган. 

Муну менен бирге муниципалдык ишкана май айында үч миллионго чукул гүл отургузмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0