КРдин футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов. Архив

Улуу Британиянын депутаты КР Футбол федерациясын коррупция боюнча айыптады

148
(жаңыланган 15:59 27.02.2016)
Британ парламентарийи ФИФАнын президентине мурда талапкер болгон шейх Салман бин Ибрагим аль-Халиф Кыргызстандын Футбол боюнча федерациясына акчалай жардам берем деп өзүнүн талапкерлигин колдоону суранган деп билдирди. КР Футбол федерациясынын президенти мындай билдирүүнү четке кагып, аны "сасык саясат" деп атады.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Британиянын депутаты Дэмиан Коллинз шаршемби күнү ФИФАнын президенттигине экс-талапкер шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифти паракорчулук жана коррупция менен айыптады. Ал Кыргызстандын футбол федерациясына каржылык жактан жардам берем деп аны колдоосун суранган деп жазат The Guardian

Депутаттын айтканы боюнча шейх Салман Азия Футбол конфедерациясынын башчысы болуп шайланганга үч күн калганда 2013-жылдын майында Кыргызстандын футбол боюнча федерациясынын өкүлдөрү менен жолуккан. "КР футбол федерациясы шейх Салмандын "жакын досу" башкарган Азиянын олимпиадалык кеңешинен 53 долбоорду ишке ашыруу үчүн финансылык жардам сурашкан",— дейт британ депутаты. 

Выборы президента ФИФА
© Sputnik / Александр Вильф
Шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа на внеочередном конгрессе ФИФА в Халленштадионе

Анын айтымында, Кыргызстандын футбол федерациясы Азиянын Олимпиадалык кеңешинен финансылык жардам сурай албайт. Аталган кеңеш ФИФАнын эмес, эл аралык олимпиада комитетинин мүчөсү.

"Аталган абалдан улам, КРдин Футбол федерациясы Азиянын Олимпиадалык кеңешинен финансылык жардам алуу менен өз добушун шейх Салманга беребиз деп сөз беришкен деп айтууга толук негиз бар", — дейт Коллинз.

КРдин футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов британ парламентинин депутатынын айткандары "сасык саясат" экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Айткандарынын бирөө да чындыкка дал келбейт. Мунун баары шайлоо үчүн ойлоп табылган нерселер", — дейт Султанов.

Шейх Салмандын маалымат катчысы да британ парламентинин айткандарын четке какты.

Салмандын бул иштерге эч кандай тиешеси жоктугун Азиянын Олимпиадалык кеңеши тараткан билдирүүдө дагы айтылат.

Ал ортодо Цюрих (Швейцария) шаарында ФИФАнын жаңы президенти болуп УЕФАнын башкы катчысы Жанни Инфантино шайланды.

Инфантино экинчи турда добуштардын жарымынан көбүн алып, ФИФАнын тарыхында тогузунчу президент болуп калды. ФИФАнын шайлоого катышкан 207 мүчөсүнүн 115и өз добушун Инфантиного беришкен.

Анын негизги атаандашы шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа —88 добуш алган.

148
Белгилер:
коррупция, футбол, ФИФА, Семетей Султанов, Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд
Тема боюнча
Бала кезинен майып болгон КР жаранын Футбол боюнча Азия чемпионатына чакырышты
ЖМК: Блаттер менен Платини футболдон алты жылга чейин четтетилиши мүмкүн
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

354
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

354
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

66
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

66
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет