Күзөтчүлөрдөн качып кеткен айыпталуучу табыла элек

© Sputnik / Олег Пашук / Медиабанкка өтүүАбак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив
Абак кызматкери эшикти жаап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция күзөтчүлөрүнөн айыпталуучунун качып кеткенине эки күн болду.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Аламүдүн РИИБ күзөтчүлөрүнөн качып кеткен соттолуучу азырынча табыла электигин Sputnik Кыргызстан агенттигине Чүй ОИИБ Башкы башкармалыгы билдирди.

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Рецидивистти түндө "качыргандардын" аракетине баа берилет
Жума күнү 27 жаштагы кылмышкер Азатбек Алымкуловдун качып чыкканы белгилүү болгон. Каракчылык боюнча айыпталган жаран Аламүдүн районунда өтүүчү сот процессине алып келген күзөтчүлөрдүн колунан качып кеткен. Азырынча анын сот маалында же андан кийин качканы так аныктала элек. Буга чейин бир нече ирет кесилген Алымкулов төрт шериги менен май куюучу жайды карактап жарым миллион сомго чукул каражатты алып кетти деп айыпталып келген.

Учурда кылмышкерди издөөгө облустан башкы башкармалыгы менен Бишкек милициясы кызматкерлери тартылды. ИИМдин коопсуздук кызматы Алымкуловдун качуусуна милиция кызматкерлери жардам берди деген шек бар экенин белгилешүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0