Бишкекте жогорку окуу жайлардын экинчи жарманкеси өтөт

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүЖогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив
Жогорку окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чара жогорку окуу жайлар тууралуу кенен маалымат берүүнү көздөйт.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында жогорку окуу жайлардын экинчи жарманкеси өтөрүн уюштуруучулардын бири Айша Султанбекова Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Иш-чара жогорку окуу жайлар тууралуу кенен маалымат берүү максатын көздөйт.

"Жаш лидерлер жарманкенин алкагында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо, өзүлөрү самаган окуу жайга тапшыруу жолдору тууралуу маалымат берет", — дейт Султанбекова.

Анын айтымында, бул иш-чара быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Өткөн жылы уюштурулган жарманке көпчүлүктүн кызыгуусун жаратып, ага 17 окуу жай жана 400гө чукул мектеп окуучулары катышкан.

"Быйыл жарманке Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өтүп жатат. Ага 20 жогорку окуу жайдын катышуусу күтүлүүдө", — дейт активист.

Жарманке Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада 12-мартта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0