Муфтият зыяратчылардын кийимине сынак жарыялайт

© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстандык зыяратчылар. Архив
Кыргызстандык зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Катышуучулар муфтийдин атына жазылган арыз менен бирге ишкана документтеринин жана лицензиянын копиясын, аялдар жана эркектер кийиминин үлгүлөрүн тапшырышы керек.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялаганын аталган мекеме билдирди.

Муфтият сынакка катышуу үчүн арыздар 1-марттан баштап 22-мартка чейин кабыл алынарын белгилейт. Катышуучулар муфтийдин атына жазылган арыз менен бирге ишкана документтеринин жана лицензиянын копиясын, аялдар жана эркектер кийиминин үлгүлөрүн тапшырышы керек.

Сынак 23-март күнү Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын имаратында саат 11.00дө өтөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0