Медресе. Архив

Аттестацияга кирбей калган медресе мүдүрлөрүнүн ордуна жаңылар шайланат

42
Аттестациялык комиссиянын чечимине ылайык 72 медресе жетекчилеринин ичинен 13 мүдүрү гана атесстация тапшыруу укугуна ээ болду.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Аттестацияга кирбей калган медресе мүдүрлөрүнүн ордуларына жаңылар шайланат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы астындагы аттестациялык комиссиянын төрагасы Абдылла ажы Асыранкулов билдирди. 

Анын айтымында КМДБнын 2014-жылы чыккан эрежесине ылайык, медреселердин мүдүрлөрүнүн диний билимден сырткары, светтик билими болуусу керек. 

Ошонун негизинде аттестацияга көпчүлүк медресе мүдүрлөрү кирбей калган. 

"72 медресе жетекчилеринин ичинен 13 мүдүрү гана атесстация тапшыруу укугуна ээ болуп, калгандары светтик диплому жок болгондугуна байланыштуу кирбей калды. Алардын ордуна сынак жарыяланып, муфтият тараптан жаңы мүдүрлөр шайланат", — дейт Асыранкулов. 

Эске сала кетсек КМДБ медресе мүдүрлөрүн жана мугалимдерин аттестациядан өткөрүп жатат. 

Асыранкулов кошумчалагандай 60 медресе аттестация тапшыруу укуган ээ болуп, 12 медересе документтери такталбагандыктан убактылуу аттестацияга киргизилбейт. Алар бир ай убакыт ичинде документтерин тактоосу зарыл.

Өлкө боюнча 102 медресе бар, алардын 72си ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. 

42
Белгилер:
медресе, аттестация, мүдүр, укук
Тема боюнча
Имам окуучуларды диний маалыматты муфтият сунуштаган китептен алууга үндөдү
Чүйдүн имамдарды маркумду кепинге алуунун туура жолдорун үйрөнүүдө
Президент Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт

Жапаров Тажикстандан түз эле Ошко келди

27
(жаңыланган 18:47 17.09.2021)
Мамлекет жетекчисинин коңшу өлкөгө сапары эки күнгө созулду. Анда ЖККУ жана ШКУ саммити өттү.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Тажикстанга барган президент Садыр Жапаровдун сапары жыйынтыкталып, Ош шаарына келгенин өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Эскерте кетсек, мамлекет жетекчиси Душанбе шаарында 16-17-сентябрь күндөрү өткөн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына жана Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Жыйын жыйынтыктары менен декларациялар кабыл алынып, бир катар документтерге кол коюлган.

"Иш сапары аяктаган соң президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда, "Өзгөн-Мунара-2021" этно-фольклордук фестивалына катышуу үчүн Ош шаарына келди", — деп айтылат маалыматта.

Өзгөн шаарында өтө турган иш-чара саат 20.25те башталмакчы.

27
Белгилер:
Садыр Жапаров, Тажикстан, Ош, иш сапар, фестиваль
Тема боюнча
Жапаров эмненин негизинде Калиев менен Авазовго ырайым берди? Расмий жооп
Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн "Кохи Навруз" комплексине келди
Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев. Архивдик сүрөт

Жапаров эмненин негизинде Калиев менен Авазовго ырайым берди? Расмий жооп

59
(жаңыланган 18:43 17.09.2021)
Жогорку Кеңештин бир нече депутаты Калиев менен Авазовго ырайым берүүнү сурап президентке өтүнүч-кат жиберишкен.

БИШКЕК, 17-сен. — Sputnik. Президенттин маалымат кызматы мамлекет башчы Садыр Жапаров Улуттук энергохолдингдин экс-жетекчиси Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазовго ырайым бергенин ырастады.

Билдирүүдө Калиев менен Авазов кылган иштерине өкүнүп, өздөрү мамлекет башчысына кайрылышканы айтылды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин бир нече депутаты аларга ырайым берүүнү сурап президентке өтүнүч-кат жиберишкен.

"Чечим кабыл алуунун алдында ырайым кылуу комиссиясы тарабынан кылмыш иши кылдат изилденип, анын жүрүшүндө Айбек Калиев менен Салайдин Авазов кылмыш ишинин негизги фигуранттары болбогону аныкталган. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өтүнүч-катын карап чыгып, оң мүнөздөмөлөрдү, комиссиясынын сунуштарын эске алып, ошондой эле өзүнүн конституциялык укуктарын колдонуп Садыр Жапаров ырайым берүү жөнүндө жарлыкка кол койду", — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Айбек Калиев 2019-жылы Бишкек ТЭЦин реконструкциялоодогу коррупцияга тийиштиги бар деп айыпталып, үй-мүлкүн мамлекетке алуу менен 15 жылга эркинен ажыратылган. Авазов дагы ошол эле жылы, ошол эле иштин алкагында 11 жыл 3 айга кесилген. Ошондой эле мүлкү конфискацияланып, мамлекеттик кызматтарда үч жылга чейин иштебей турган болгон.

59
Белгилер:
Садыр Жапаров, президент, ырайым берүү, Айбек Калиев, Салайдин Авазов
Тема боюнча
Сурактан чыккан Сулайманов: саясий оюндар байкалат
Жанар Акаев ИИМде сурак берип чыкты