Депутаттар куралдан ок атып, аскердик окууга катышты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк атуу. Архив
Ок атуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлдөрү курал-жарактардын түрлөрү менен таанышып чыгышты.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Куралдуу күчтөрүнүн 73809-аскер бөлүгүнүн базасындагы бир күндүк аскердик окуу жыйынына катышканын парламенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Аскердик кызмат өтөөнүн шарттары менен тааныштыруу максатында депутаттарга курал-жарактардын түрлөрү көрсөтүлүп, эл өкүлдөрү ок атуу чеберчилигин сынап көрүштү.

Иш-чарада аталган аскер бөлүктүн командалык пунктунун ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0