Муфтият 5-мартта дин кызматкерлери үчүн ишембилик жарыялады

© Фото / Белек НурлановКыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын алкагында карыялар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үйлөрдү тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иши жүрөт.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 5-мартта республика боюнча дин кызматкерлери үчүн ишембилик жарыялады. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирет.

Ишембилик "Алла Таала таза зат, тазалыкты жакшы керет" деген хадиске ылайык уюштурулууда.

Бул күнү диний кызматкерлер медреселердин, мечиттердин аймагын тазалашат. Мындан сырткары карылар, жетимдер үйүн жана кароосуз калган үйлөрдү тазалоо, актоо, көчөт отургузуу иши жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0