Сариев КРге кирген товарлардын тизмесин кайра карап чыгууну тапшырды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАэропортто багаж текшерүү. Архив
Аэропортто багаж текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы өлкө аймагына киргизилүүчү товарлар тууралуу Салык кызматына маалымат берүү эрежесин ишке киргизүүнүн мөөнөтүн жылдыруу керек деп эсептейт.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Жеке пайдалануу үчүн өлкө аймагына киргизилген товарлардын тизмесин кайра карап чыгуу жана алдын ала эскертүү процедурасын жеңилдетүү зарыл. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев жаңы эрежелерди киргизүү боюнча кеңешмеде билдирди.

Чек арадан товар ташыган жүк ташуучу унааларды салык жана бажы кызматтары текшерди
Маалыматка ылайык, жаңы эрежелер 10-марттан тарта ишке кирмек. Ишкерлер Мамлекеттик салык кызматына алдын-ала эскертүүлөр боюнча татаал процедураларды кароо өтүнүчү менен кайрылган.

ЕАЭБ алкагында ташылуучу товарлар жана алардын тизмеси жөнүндө эскертүүлөрдү киргизүү боюнча жаңы эрежелер импорттолгон товарлардын толук эсебин, кыргызстандык өндүрүшчүлөр үчүн бирдиктүү шартты жана акыйкат бизнести камсыздоо иретинде киргизилүүдө. Ошол эле учурда аталган механизм Казакстандан ташылган товарлардын эсебин камсыздоо иретинде киргизилүүдө, аларга карата ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштеп жаткан Бирдиктүү бажы тарифтерине салыштырмалуу төмөндөтүлгөн бажы алымдарынын колдонулушу каралган.

"Физикалык жактардын жеке пайдалануусу үчүн киргизилген товарлардын тизмесин кайрадан карап чыгуу жана алдын ала эскертүү процедурасы бизнестин сунуштарын эске алуу менен кайрадан иштеп чыгуу керек. Ал үчүн аталган токтомдун ишке кирүү мөөнөтүн жылдыруу жана өкмөттүн келерки ыкчам жыйынында карап чыгуу зарыл", — деп белгиледи Сариев.

Өкмөт башчы вице-премьер Олег Панкратовго казак тарап менен каралбаган товарлардын республикага болгон агымынын жогорулоо абалы боюнча маселени ыкчам тартипте карап чыгуу, ошондой эле аталган маселени ЕЭКтин кароосуна алып чыгуу тапшырылды. 

Аэропорттогу көзөмөл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Терроризмди алдын алуу үчүн өлкөдөгү аэропорттор менен унаа бекеттерине көзөмөл күчөтүлөт
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү жана товарларды ташып кирүүнүн көмүскө схемасын аныктоо, ал эми Экономика министрлигине баалардын минималдык көзөмөлдөө деңгээлин киргизүү боюнча мыйзамдын кабыл алынышын тездетүү милдеттендирилди.

Акыркы кезде Кыргызстанга төмөндөтүлгөн баалар боюнча каралбаган товарлардын саны жогорулаган, бул өз кезегинде жергиликтүү ишкерлер үчүн ыңгайсыз шартты жаратууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0