Электрондук паспорт менен ID-card даярдоого Түштүк Корея жардам берет

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын ID-card паспорту. Архив
Кыргызстандын ID-card паспорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сарпашев кыргызстандыктарга берилген биометрикалык паспорттор көп функционалдуу болорун белгиледи.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Кыргызстанга ID-card менен электрондук паспортторду даярдоого Түштүк Кореянын KOMSCO мамлекеттик корпорациясы жардам бере турганын Мамлекеттик каттоо кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мекеменин жетекчиси Тайырбек Сарпашев аталган өлкөгө болгон иш сапарынын учурунда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мамлекеттик ишкананын вице-президенти Ким Женг Сонг менен менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду.

Сарпашев ушул жылдын экинчи жарымында кыргызстандыктарга биометрикалык паспорттор бериле баштай турганын билдирди.

"Электрондук ID-card 2017-жылы өтө турган президенттик шайлоодо жарандарды идентификациялоо үчүн пайдаланылат. Учурда Каттоо кызматынын адистери биометрикалык паспортторду универсалдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүдө. Натыйжада аталган паспорттор көп функцияны аткарат", — деди жетекчи.

Өз кезегинде Ким Женг Сонг корпорация маалыматтык технология жаатында Кыргызстанга жардам берүүгө жана Мамлекеттик каттоо кызматы менен иштешүүгө даяр экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0