Кыргызстанда табылган жылан National Geographic журналынын биринчи бетине чыкты

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүГадюка жыланы. Архив
Гадюка жыланы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Алай районуна жасалган илимий экспедиция учурунда илимге белгисиз жылан табылганы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Кыргызстандын тоолорунан табылган кара чаар жылан март айында немис тилинде жарык көргөн National Geographic журналына чыкты.

Буга чейин National Geographic Кыргызстанда жыландын жаңы түрү табылганын маалымдаган. Илимий экспедиция 2013-жылы Алайга жасалган.

Жыландын журналга чыгышы тууралуу аны сүрөткө тартып алган Артур Тютенко да Facebook баракчасына жарыялаган.

Кара чаар жыландын жаңы түрүн немис изилдөөчүлөр Gloydius rickmersi деп аташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0