Асыл тукум букалардан алынган урук ар бир сынамык айылга 100 дозадан таратылды

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүБука. Архив
Бука. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айылдарга эт-сүт багытындагы "ала-тоо", "швиц", "симментал" жана эт багытындагы "абердин-ангус" пародасындагы букалардан алынган урук таратылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Кыргызстанда малды асылдандыруу иштери башталды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Эшек эти. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эшектин терисин сыйрып саткандар эми Ысык-Көлдөн кармалды
Өлкөнүн бардык облустарындагы сынамык айылдарга сүт-эт багытындагы "ала-тоо", "швиц", "симментал" жана эт багытындагы "абердин-ангус" породасындагы асыл тукум букалардан алынган урук ар бир айылга 100 дозадан жана азот таркатылганы маалыматта белгиленген. 

Ишчара өкмөттүн "Кыргызстандын пилоттук айыл аймактарындагы тубар уйларды жасалма жол менен уруктандыруу жана айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы асыл тукум уруктар менен камсыз кылуу жөнүндө" буйругунун 2-беренеси боюнча ишке ашырылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0