Бактуу-Долоноту айылында экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата жаңы ипподром курулуш иштери. Архив

Акыйкатчы таштандыдан улам Көчмөндөр оюндары үзгүлтүккө учурашы мүмкүн деп эсептейт

99
(жаңыланган 11:32 04.03.2016)
Бостери айылындагы таштанды боюнча түзүлгөн комиссиянын чечимине айыл тургундары нааразы болушууда.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Бостери айылынын жашоочулары аймактагы төрт гектарлык таштанды жайы боюнча маселе чечилбесе Көчмөн оюндары учурунда нааразылык акциясына чыга тургандыктарын айтышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы институтуна "Тилектеш-Солидарность" жарандык кыймылынын координатору Каработоев менен активист Барабина аталган таштанды полигонун жабууну колдоо боюнча өтүнүч менен кайрылган.

Жаңы ипподром курулушунун асмандан көрүнүшү
пресс-служба Дирекции по национальным видам спорта
Таштандыны айылдан беш чакырым алыстыкка көчүрүү боюнча айыл жашоочуларынын арызынын негизинде 2015-жылы Мамлекеттик өзүн өзү башкаруу агенттиги комиссия түзгөн. Ал аталган акыр-чикир жайын жабуу же башка аймакка көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. 

Таштандыны башка жакка көчүрүү жер тартыштыгынан улам мүмкүн болбогондуктан, аны 80-90 метр бийик жерге көчүрүп, аталган жер тилкесинин категориясын өзгөртүү менен атайы таштанды жай ачуу боюнча документтерди даярдоону сунуштаган. 

Комиссиянын мындай чечимине жергиликтүү жашоочулар каршы чыкты. Алардын айтымында, аталган таштандыдан улам алардын турак жайы бааланбай, туристтик бизнес менен алектенүүгө жол жапты. 

Таштанды маселе чечилбесе, бостериликтер күзүндө өтүүчү Көчмөндөр оюндарынын маалында митингге чыга тургандыктарын билдиришкен.

Акыйкатчы институту таштанды полигонунун жайгашуусу адамдардын укугун бузуп жатканын белгилеп, бул маселени Кубат Оторбаев жеке көзөмөлүнө алган.

99
Белгилер:
акыйкатчы, комиссия, полигон, таштанды, Бостери
Тема:
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары (244)
Тема боюнча
Бишкек мэриясы WhatsApp аркылуу таштанды боюнча дооматтарды кабыл алууну жандантты
Бишкек шаарында таштанды күйүп, иске ууланып 64 жаштагы аял каза болду
Кайгуул милициянын автоунаасы. Архив

Маршрутка көйгөйү: Милиция аялдамадагы аялдарды, балдарды үйүнө ташыды. Видео

188
(жаңыланган 00:03 19.01.2021)
Милиционерлер маршрутка маселесинен улам аялдамаларда калган бишкектиктерге жардам берип, үйлөрүнө жеткирип жатышты.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкектеги Кайгуул милиция кызматы бүгүн маршрутка көйгөйүнөн улам аялдамаларда калган бишкектиктерди үйлөрүнө жеткирүүдө. Бул туурасында шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кечкурун милиционерлер балдарга, аялдарга жана улгайган адамдарга өз жардамын сунуштап жатканы айтылды. Бул багытта аталган кызматтын атайын автоунаалары иштеген.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Милициядан аялдамаларда топтолгон кишилер аз, шаар ичи тынч деп билдиришти.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Пресс-служба ГУВД г.Бишкек (@guvd_bishkek)

Бүгүн, 18-январда, айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын жогорулатууну талап кылышууда. Себеби жол кире 2012-жылдан бери көтөрүлө элек. Учурда маршрутканын баасы күндүз 10, ал эми кечинде 12 сом.

Эртең менен Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев каттамга чыкпай койгон маршруткалардын лицензиясы алынып, башкага берилерин эскерткен.

Мэриядан бүгүн калаадагы 1350 микроавтобустардын 400-450сү ишке чыкты деген маалымат берген. Шаардык транспорт башкармалыгынан маршруттук каттамдардын 90 пайызы кадимки калыбында иштеп жатат дешкен. Ал эми кечкурун аялдамаларда эл топтоло баштап, коомдук транспортту күткөндөр көбөйгөндө Мэриянын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Улан Бейшенбаев маршрутка боюнча кырдаал турукташкандыгын, ал эми жогорудагы көрүнүш автотыгын менен байланыштуу болушу мүмкүн деген жообун айткан.

188
Белгилер:
жардам, милиция, маршрутка, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Каттамга чыкпай койгон маршруткалар. Шаардагы абалды көрсөткөн видео
Дарыгер ымыркайды оорукананын төрөт бөлүмүндө текшерип жатат. Архив

ЖМК: Болгарияда бала COVID-19га туруштук берген артыкчылык менен төрөлдү

125
(жаңыланган 22:08 18.01.2021)
Кош бойлуу аял ооруканага коронавирус менен катуу жабыркап түшкөнү айтылган. Бала жарыкка келгенден кийин дарыгерлер таң калыштуу жагдайга туш болгон.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Болгарияда кош бойлуу келин коронавируска антителосу бар бөбөк төрөдү. Бул туурасында улуттук радионун сайтына маалымат жарыяланды.

Пазарджик шаарынын 28 жаштагы тургуну ооруканага эти катуу ысып, жөтөлүп жана алы кетип түшкөн. Аны бир курс дарылагандан кийин ак халатчандар баланы операция жолу менен жарыкка алып келишкен.

Азыр бөбөктүн абалы жакшы экендиги айтылды. Ал эми антигендик тест бөбөктө коронавируска каршы антитело бар экендигин көрсөткөн. Эне-бала үйүнө чыккандан кийин да дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда.

Ымыркайдын салмагы 2,75 килограмм, ал эми бою 46 сантиметр экени айтылды.

125
Белгилер:
коронавирус, антитело, ымыркай, Болгария
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
КР калкынын канчасында коронавируска каршы антитело бар? Изилдөөнүн жыйынтыгы
ДССУ: пандемия токтобойт жана вирус жок болуп кетпейт