Памирдеги кыргыздар. Архив

Үзүлгөндү улачу, чачылганын жыйначу күн келди. Памир кыргыздарын Түпкө көчүрүү демилгеси

839
(жаңыланган 17:11 04.03.2016)
Памирдеги кыргыздардын жашоо мөөнөтү орто эсеп менен 42-45 жаш. Мындан сырткары төрөттөн көз жумган кыз-келиндер арбын. Эгемендүү мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн этникалык кыргыздарга кайдыгер караганыбыз туура эмес дешет активисттер.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Памирлик кыргыздарды Ысык-Көл облусунун Түп районуна көчүрүп келүү демилгеси көтөрүлүп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине демилгечилердин бири жаш активист Ренат Самудинов билдирди.

Анын айтымында демилгенин максаты, деңиз деңгээлинен 4200-5000 метр бийиктикте туруп, катаал шартта жашаган Памир кыргыздарына жардам берүү. Алгач беш үй-бүлөнү көчүрүп келүү пландалууда.

"Памирдеги кыргыздардын жашоо мөөнөтү орто эсеп менен 42-45 жаш. Мындан сырткары төрөттөн көз жумган кыз-келиндер арбын. Эгемендүү мамлекет болуп туруп, өзүбүздүн этникалык кыргыздарга кайдыгер караганыбыз туура эмес", — дейт Самудинов.

Анын айтымында Ысык-Көл облусунун Түп району Памирлик кыргыздардын жашоо шартына ыңгайлуу. 

© Sputnik / Эмиль Садыров
Боордошторго жардам берели — Памирлик кыргыздар үчүн кайрымдуулук ак

"Убагында космонавттар, олимпиада чемпиондору атайын Ысык-Көлдө даярдыктан өтүшкөн. Ошондуктан Көл аймагын тандап алдык", — дейт активист.

Демилгечилер райондун акиминен сырткары өкмөткө жардам сурап кайрылган.

"Бул ишти аткарууда эки башкы көйгөй бар. Алар көчүрүп келүүдөгү документтердин мыйзамдуу түрдө чечилиши жана келгендерди отурукташтыруу. Ушул жаатта өкмөт кол кабыш кылып, документтерди тактоо менен бирге көчүп келгендерге медициналык жардам көрсөтсө жакшы болмок", — дейт Самудинов.

Ал кошумчалагандай беш үй-бүлөнү тандоо укугу өкмөткө берилет. Мындан сырткары Памир кыргыздары баңги зат колдонушат деген маалымат жалган экенин, алар эчкандай коркунуч жаратпай турганын билдирди.

Бул демилгени Түп районунун акими Ишен Кожалиев колдоого алган.

"Жыл сайын гуманитардык жардам көрсөтүүнүн ордуна көчүрүп алсак жакшы болот. Түп району 30-жылдары казактар көчүп келгенде, 1945-жылдагы согуш учурунда балкар улутундагыларды бооруна катып, жардам берген. Учурда үч айылда казактар, бир кыштакта балкарлар жашайт. Башка улуттарын батырып, этникалык кыргыздарды кантип таштап коёбуз?", — дейт Кожалиев.

Анын айтымында көчүрүлүп келгендер "Чар-Кудук" жайлоосундагы кыштакка жайгаштырылат. Ал жер деңиз деңгээлинен 2000 метр бийиктикте туруп, мал багууга ыңгайлуу. 

Памирские кыргызы
© Фото / Айгул Борбугул кызы
Памирлик кыргыздар

"Беш үй-бүлөгө кыштоолор берилет. Мал багып, жашоосун улантып кетсе болот. Айылдык даарыгерлер келгендердин ден соолугун көзөмөлдөп турат", — дейт аким.

Сунуштун каржы жагын Эл аралык "Кыргыздар" Ассоцияциясы көтөрөрүн Sputnik Кыргызстан агентигине аталганассоцияциянын башчысы Нурмухаммед Минбаев билдирди. 

"Учурда канча каражат кетээрин тактоо жүрүп жатат. Буюрса кетчү каражатты толугу менен көтөрүүнү көздөп жатабыз", — деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев бул демилгени колдоорун билдирди.

"Бул мыкты сунуш. Колдон келген баардык жардамды көрсөтүүгө даярмын. Этникалык кыргыздарды сөзсүз көчүрүп келишибиз керек", — дейт депутат.

Активисттерден сырткары Мамлекеттик миграция кызматы да беш үй-бүлөнү көчүрүп келүүнү көздөп жатканын аталган мекеменин маалымат бөлүмү билдирди. 

Памирские кыргызы
© Фото / пресс-служба минсоцразвития
Памирлик кыргыздар

"10-февралдан — 10-мартка чейинки Улуу жана Кичи Памирде жашаган кыргыздарга медициналык жана материалдык жардам берүү боюнча экспедиция жасалып, ал жерден 5 үй-бүлөнү Кыргызстанга көчүрүп келүү маселеси чечилет", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, Чоң Алай районунун жергиликтүү бийлиги тарабынан көчүп келе турган памирлик кыргыздар үчүн 20 гектар жер бөлүнгөн. 

"Афганистанга кирип, дароо беш үй-бүлөнү көчүрүп кетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн бир топ документтер зарыл. Эки мамлекеттин ортосунда этникалык кыргыздарды көчүрүү боюнча атайын келишим түзүү керек. Бул жаатта 2015-жылы Афганистанга кат жиберип, бүгүнкү күнгө чейин алар тараптан жооп ала элекпиз", — дейт миграция кызматы.

Сталин атындагы Батыш Памир жолу
Дмитрий Чистопрудов, Николай Рыков. Фотоагентство VOSTOK
Эске сала кетсек 2008, 2013 жана 2014-жылдары этникалык кыргыздарга мамлекет тарабынан гуманитардык жардамдар жеткирилген. Анда алар түбү Чоң Алайдан болорун, Кыргызстанга көчүп келүүнү көздөй тургандыктарын билдиришкен. Жайында жайлоодо, кышында кыштоодо жүрүп памирлик кыргыздар паспорт алышкан эмес. 2014-жылдан баштап Афганистанда Кыргызстандын элчилиги ачылып, мекеменин көмөгү менен бүгүнкү күндө памирлик кыргыздардын 80 пайызы афган паспорту менен камсыз болгон.

839
Белгилер:
кыргыз, афган, демилге, мекендештерди көчүрүү программасы, Памир
Тема:
Памирлик кыргыздар (82)
Тема боюнча
"Боордошторго жардам берели" — Памирлик кыргыздар үчүн кайрымдуулук акция өттү
Памир кыргыздарынын беш үй-бүлөсү Кыргызстанга көчүрүлөт
Бейшенов: Памир кыргыздарынын көйгөйлөрүн Афган өкмөтү менен сүйлөшүп чечмей болдук
Шприц чыгарган ишкана. Архивдик сүрөт

Министр Кара-Суудагы шприц чыгарган ишкананы көрдү. Сүрөт

13
(жаңыланган 15:11 17.01.2021)
Ишкананын ээси мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздап келишсе, жакынкы убакыттарда республиканы камсыздап жатышканын айткан.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Оштун Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкана менен таанышканын мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, соңку күндөрү министр түштүк жергесинде иш сапары менен жүрөт.

Жеке ишкер Канатбек Кадыров ишкана 5 жана 10 граммдык шприцтер менен инсулин алганга ылайыкталган шприцтерди чыгарарын айткан.

"Мурда шприцтер менен түштүк аймагын гана камсыздасак, жакынкы убакыттарда республиканы камсыз кылганга жетиштик. Эми медициналык кол каптарды дагы чыгаралы деп турабыз", — деген ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

13
Белгилер:
ишкер, ишкана, Алымкадыр Бейшеналиев, КР Саламаттык сактоо министрлиги, Кара-Суу району, Ош
Тема боюнча
Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди
Маршрутка айдоочусу жана милиция кызматкери. Архивдик сүрөт

ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

34
(жаңыланган 14:45 17.01.2021)
Милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирме түшкөн.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кичи автобустардын айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды.

Белгилүү болгондой, милицияга маршрутка айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чагымчыл чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

"Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу КРдин мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан ШИИБ маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат маалыматта.

Ошол эле учурда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектиги белгилеген.

"Эгер чагымчыл иштерге жол берилип, коомдук тартип бузула турган болсо, ошондой эле коомдук транспортто же көчөдө жарандардын жана балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, КРдин мыйзамына ылайык олуттуу чаралар көрүлөт", — деп эскерткен ШИИБ.

Милиция 12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолукканын эске салган. Анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.

Айрым маршрутка айдоочулары жол кирени 15 сомго чейин көтөрүү талабын койгон. Мэрия аталган маселе акырындык менен чечилерин, маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзүлгөнүн буга чейин айткан.

ШИИБ айдоочуларга кагаз түрүндө эскертүү таратылганын белгиледи. Анда кокус коомдук тартип бузула турган болсо, мэрия жеке менчик фирмалар менен кызматташууну карап чыга турганы жазылган.

34
Белгилер:
тартип, эскертүү, коом, айдоочу, маршрутка, ШИИБ
Тема боюнча
Мэрия: Бишкектеги маршрутка айдоочулары иш таштаса лицензиялары алынат