Жалал-Абаддын 10 миңдеген тургуну калпак күнүнө карата жөө жүрүшкө чыкты

© пресс-служба УВД города Джалал-АбадПеший ход в честь дня Ак калпака в Джалал-Абаде
Пеший ход в честь дня Ак калпака в Джалал-Абаде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Майрамга келген аялдар улуттук кийимчен чыкса, эркектер башына ак калпак кийишти.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтына 10 миңдей киши калпак күнүн белгилөө үчүн жөө жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

© пресс-служба УВД города Джалал-АбадЖалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтына 10 миңдей киши калпак күнүн белгилөө үчүн жөө жүрүшкө чыкты
1/4
Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтына 10 миңдей киши калпак күнүн белгилөө үчүн жөө жүрүшкө чыкты
© пресс-служба УВД города Джалал-АбадМаалыматка ылайык, майрамга катышуу үчүн облустун аймактарынан да кишилер келген
2/4
Маалыматка ылайык, майрамга катышуу үчүн облустун аймактарынан да кишилер келген
© пресс-служба УВД города Джалал-АбадМилиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
3/4
Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
© пресс-служба УВД города Джалал-АбадИш-чарага облус аймагындагы диаспоралардын өкүлдөрү да катышууда.
4/4
Иш-чарага облус аймагындагы диаспоралардын өкүлдөрү да катышууда.
1/4
Жалал-Абад шаарынын борбордук "Эркиндик" аянтына 10 миңдей киши калпак күнүн белгилөө үчүн жөө жүрүшкө чыкты
2/4
Маалыматка ылайык, майрамга катышуу үчүн облустун аймактарынан да кишилер келген
3/4
Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
4/4
Иш-чарага облус аймагындагы диаспоралардын өкүлдөрү да катышууда.

Маалыматка ылайык, майрамга катышуу үчүн облустун аймактарынан да кишилер келген.

"Шаардын төрт тарабынан адамдар облустук администрациянын маңдайындагы борбордук "Эркиндик" аянтын көздөй жөө жүрүшкө чыгышты. Аялдар улуттук кийимдерди кийген болсо, эркектер башына ак калпак кийишти", — деп айтылат билдирүүдө.

Милиция кызматкерлери коомдук тартипти сактоо үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат.

Иш-чарага облус аймагындагы диаспоралардын өкүлдөрү да катышууда.

Ак калпак күнүн белгилөө демилгесин коомдук активисттер көтөрүп чыккан. 2011-жылдын 5-мартынан тарта ак калпак күнү өлкөнүн бардык облус райондорунда белгиленип келет.

Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0