Шашылыш билдирүү: Ош – Бишкек жолунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Жазылуу
ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Күндүн ысыгандыгына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда Бишкек – Ош унаа жолунун (121-137-чакырымдарында) кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Андан сырткары Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука-Канышкыя унаа жолунун 62-100-чакырымдарында, Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 1-10-акырымдарында жана Ысык-Көл облусундагы Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-90 чакырымдарына кар көчкү түшүүсү мүмкүн.

Ашуу жолдоруна муз тоңуп, тайгак болот. ӨКМ унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0