Төрага Жээнбеков: элдин бакубат жашоосун камсыздоодо аялдардын ролу зор

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив
Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрага 8-мартка карата куттуктоосунда жалпы аялзатына чың ден соолук, узун өмүр, аялдык бакыт каалады.

БИШКЕК, 8-мар. – Sputnik. Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандык айымдарды Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктап, элдин бакубат жашоосун камсыздоодо алардын ролу зор экендигин айтты. 

"Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору. Жаратмандыгыңарга, иштермандыгыңарга, ар тараптуу колдооңорго таянып, биргеликте максатыбызга жетебиз", — деп айтылат куттуктоодо.

Төрага 8-мартка карата куттуктоосунда Кыргызстандагы жалпы аялзатына чың ден соолук, узун өмүр, аялдык бакыт каалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0