Абактагы аялдар арасында конкурс өтүп, дискотека уюштурулду

© пресс-служба ГСИН№2 түзөтүү колониясындагы аялдар үчүн "Жаз – 2016" конкурсунун көрүүчүлөрү
№2 түзөтүү колониясындагы аялдар үчүн Жаз – 2016 конкурсунун көрүүчүлөрү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзөтүү колониясындагы кыздар конкурска катышуу үчүн бир айдан ашык даярданышкан.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Степное айылындагы №2 түзөтүү колониясындагы аялдар үчүн "Жаз – 2016" конкурсу өткөнүн Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Мындай майрамдар колонияда жыл сайын өтүп келет. Быйылкы конкурска ар бир отряддан бештен команда катышты. Конкурстук тапшырмаларды даярдоого бир айдан ашык убакыт кеткен.

Конкурс саламдашуу, бий, интермедия, дүйнө элдеринин бийи жана дефиле менен коштолду.

Жогорку Кеӊештин төрагасы Асылбек Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төрага Жээнбеков: элдин бакубат жашоосун камсыздоодо аялдардын ролу зор
Айымдардын аткарган ар бир номери катышуучулардын жана залдагы күйөрмандардын купулуна толуп, ууртуна жылмаюу тартуулады.

Калыстардын баасы менен 4 отряд жеңишке жетти. Жеңүүчүлөргө белектер ыйгарылды.

Андан сырткары колонияга келген артисттер майрамдык маанай тартуулап, айымдар үчүн жандуу музыкага дискотека болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0