Путин Марат Исаевге медаль ыйгарды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАртём Королюк жана Марат Исаев. Архив
Артём Королюк жана Марат Исаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандык жаран темир жолго кулап кеткен аялды сактап калган. Исаев буга чейин да бир катар бийликтин расмий өкүлдөрү тарабынан сыйланган.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин метродо аялдын өмүрүн сактап калган Марат Исаев менен полиция кызматкери Артем Королюкту медаль ыйгарды.

Москвада аялды өлүмдөн алып калган Марат Исаевди Оштун мэри сыйлады
Россия президентинин буйругу бүгүн, шаршемби күнү чыкты.

Эскерте кетсек, кыргызстандык Исаев менен полиция кызматкери менен бирге метронун рельсине талмасы кармап жыгылган аялды ажал оозунан алып калышкан. Келе жаткан поездден улам куткаруучулар рельстин ортосуна жатып аман калышкан. 

Буга чейин Москва шаарынын мэри Сергей Собянин көрсөткөн эрдиги үчүн кыргызстандык Исаев менен милиция кызматкери Артем Королюкту сыйлаган

Муну менен бирге 18-февраль күнү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевди сыйлоо салтанаты өткөн. Анда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат тапшырылып, 100 миң сом берилген. Элчилик да Исаевдин эрдигине баа берип, баалуу белек ыйгарган.

Жаңылыктар түрмөгү
0