Кремлде Путин кыргызстандык Марат Исаевге медаль тагып, колун кысты

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин жана кыргызстандык Марат Исаев.
Россиянын президенти Владимир Путин жана кыргызстандык Марат Исаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Россия президенти кыргызстандык жаранды сыйлоо тууралуу жарлыкка кол койгон.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин кишини өмүрүн сактап калганы үчүн кыргызстандык Марат Исаевге өз колу менен медаль тапшырды.

Бейшемби күнү Кремлде Россиянын жана чет элдин 42 жаранын сыйлоо салтанаты өттү. Сыйлык алгандардын катарында Москвадагы метродон аялдын өмүрүн сактап калган КР жараны Марат Исаев, Доминикан мамлекетинде учактын түшүүсүн алдын алган "Оренбург аба жолдорунун" учкучтары, артист Валентин Гафт, Россиянын илимдер академиясынын башчысы Владимир Фортов бар.

Россия президентинин колунан медаль алган Исаев Путинге ыраазычылык билдирди
Путин Кыргызстандын жараны Исаевге жана полиция кызматкери Артем Королюкка адам өмүрүн сактап калган эрдиги үчүн сыйлык тапшырды.

Буга чейин Москванын мэри Сергей Собянин Исаев менен Королюкту эрдиги үчүн сыйлаган.

Андан сырткары 18-февралда Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде Исаевге президент Алмазбек Атамбаевдин атынан кол саат жана 100 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлык тапшырылган. Элчилик да ыраазычылык билдирип, өз белектерин тапшырган.

11-февралда "Красносельская" станциясында рельске эс-учун жоготкон аял кулап түшкөн. Исаев менен полиция кызматкери Королюк өз өмүрүн тобокелге салып, аны куткарып калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0