Кара-Балтадагы таштанды төгүүчү жай экологиялык талапка жооп бербейт

Жазылуу
Таштанды жай 522 миң куб метрден ашып, 21 гектарга жайылган.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарындагы таштанды төгүүчү жай эч кандай экологиялык талаптарга жооп бербей тургандыгын Мамэкотехинспекциясынын маалымат кызматы билдирди. 

"Экологиялык талаптарга жооп бербегени аз келгенсип, 10 метр алыстыкта уран калдыктарын сактоочу жай жайгашкан. Чеке бели дагы тосулган эмес", — деп айтылат маалыматта. 

ТЭЦ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан экологиялык эффективдүүлүк индекси рейтингинде 54 пунктка көтөрүлдү
Инспекциянын кызматкерлерине, шаардын жергиликтүү бийлиги таштанды жайдын жеке ишканага өтүп кеткендигин айтып, ишти жөндөй албай жатышканын билдиришкен. 

Таштанды жай 522 миң куб метрден ашып, 21 гектарга жайылган. 

Маалыматка ылайык, Мамэкотехинспекциянын адистери жер ээлерине апрель айына чейин убакыт берип, эгер талаптар аткарылбаса мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөөрүн эскертишкен. 

Белгилей кетсек, аталган таштанды төгүлүүчү жай 2009-жылы Кара-Балта тоо-кен ишканасына өтүп кеткен. Ага чейин муниципалдык мекемеге таандык болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0