Сойкуканадан качып чыккан кыз уурулукка шектелип камакка алынды

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүӨтүкчөн кыз. Архив
Өтүкчөн кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түндөп качкан кыз өзүнүн кийимдерин таппай босогодо турган бирөөнүн өтүгүн кийип кеткен. Учурда бут кийим беш миң сомго бааланып, айыпталуучу эки айга камакка алынды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Иш издеп, сойкуканага кабылган кыз учурда эки айга камакка алынганын Акыйкатчы институту билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран мекемеге арыз менен кайрылып, январдын соңунда жумуш издеп Ош базарына келгенин айтат. Ошол жерден массажист талап кылынат деген жарнама менен көрсөтүлгөн дарекке барып, сойкуканага кабылган.

"Кызды шаардын Бөкөнбаев жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан үйлөрдүн биринен Мека аттуу аял тосуп алып, сойкулук менен алектенүүсү керектигин айткан. Макул болбогон соң аны бир бөлмөгө камап коюшкан. Кыз түнкү саат төрттө кийимдерин таппай, башка бирөөнүн өтүгүн кийип качып чыккан", — деп айтылат билдирүүдө.

Бирок бир нече күндөн кийин кызды Ош базарынын жанынан күч менен автоунаага отургузуп, Биринчи Май райондук ИИБге алып келишкен. 6-февраль күнү сот аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Кылмыш иши папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кызын такай сабаган деп шектелген Сузак районунун тургундарына кылмыш иши козголду
Арыздын негизинде Акыйкатчы институту ИИМ башчысы Мелис Турганбаевге кат аркылуу аталган ишти дыкат карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылган. Муну менен бирге кызматкерлер №1 тергөө абагына барып, кыз менен жолугушкан. 

Сүйлөшүү учурунда кыз бирөөнүн беш миң сомдук өтүгүн кийип кеткени үчүн камакка алынганы белгилүү болду. 

Аталган мекеменин кызматкерлери сотто айыпталуучунун кызыкчылыгын көздөй турган адвокат жалдоого жардам бермей болушту.

Учурда ишти Биринчи Май РИИБдин тергөө бөлүмү иликтеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0