Ибраимов: жаңы унаа жайларына акы төлөнөт

Жазылуу
Көп кабаттуу унаа жайынын курулушуна сынак жарыяланды.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Шаарда курула турган унаа жайларына акы төлөнө турганын Бишкектин мэри Албек Ибраимов Sputnik Кыргызстан менен болгон маегинде билдирди.

"Көп деңгээлдүү (кабаттуу) болгондуктан буга убакыт керектелет. Бул инвестициялык долбоор, андыктан ага акы төлөнөт. Ал эми муниципалдык менчиктеги унаа жайлары акысыз бойдон калат", — деди мэр.

Анын айтымында бул долбоор үчүн сынак жарыяланган.

Мэр менен болгон маектин түз алып берүүсүн Sputnik Кыргызстан сайтынан көрүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0